2023 –жылдын 13 июлунда Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюм (IDLO) жана Кыргыз Республикасынын Медиаторлордун Коомдоштугу, ASB програмасынын консультантары үчүн маалыматтык жыйынын өткөрдү.

Бул жыйын “Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (II-фаза): COVID-19га жооп” долбоорунун алкагында өтөт. Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланат жана Укукту өнүктүрү боюнча эл аралык уюм (IDLO) менен биргеликте ишке ашырылат.

Долбоордун максаты – чакан жана орто бизнестин коммерциялык медиацияны колдонуусун илгерилетүү жана колдоо боюнча Өкмөткө көмөк көрсөтүү.

Маалымдама: ASB программасы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал микро, чакан жана орто ишканаларга чыгымдарды бөлүшүү принцибинин негизинде ар кандай консультациялык кызматтарды алууга жардам берет.

Негизги темалар

Маалыматтык жолугушуунун жүрүшүндө консультанттар медиациянын жол-жобосу жана анын артыкчылыктары менен таанышты. Андан сырткары, келишимдерде медиациалык эскертмелер эмне үчүн керек жана аны кандай колдонсо болорун угушту. Катышуучулар медиаторлордун реестринде медиаторду табуу боюнча маалымат алып жана коммерциалык талаштарды чечүүдөө долбоордун жардамын кантип алса болорун практикалык нускамалары менен таанышышты.

Медиаторлордун Коомдоштугунун төрайымы Ракыя Рахматованын айтымында, учурда республикалык реестрде 300дөн ашык медиатор бар (https://mediator.kg/mediators/). Потенциалдуу медиациянын кардарлары ар бир медиатордун профессионалдык портфолиосун серептеп тандап алса болрун айты.

IDLOнун КР өкмөт консультанты Дилбар Максимбекова келишимдердеги медиация эскертмелеринин түрлөрү, аларды колдонуунун өзгөчөлүктөрүнө түшүндүрмө берди. Катышуучуларды медиация келишиминин аткарылышы, медиациянын кайсы чөйрөдө колдону болорун, коммерциялык талаш-тартыштарды чечүү үчүн эффективдүү каражаттары кызыктырды. Консультанттардын өтүнүчүн эске алуу менен Максимбекова медиациянын, соттун жана арбитраждын ортосундагы айырмачылыктарга кеңири токтолду.

Коммерциялык медиацияны өнүктүрү долбоорунун эксперти Чолпон Самсалиева катышуучуларды долбоордон жардамын кантип алса болорун айтып берди. Долбоордун шарттарына ылайык, ишкерлер коммерциалык талаштарды медиация ыкмасы менен чечүү үчүн долбоорго кайрылса болот. Медиатордун кызмат акысын долбоор өзүнө алып, ишкерлер үчүн медиатордун кызматы бекер болот.

Практикага умтулуу

KG Аналитика Интеллектуалдык Фондунун директору Сымбат Сатыбладиева келишимдерге медиативдик эскертмелерди киргизүү коомдо конструктивдүү байланыш түзүүгө жардам берет деп эсептейт.

ЖЧК “Профи АйТи” Георгий Шелухин медиаторлор үчүн рейтинг системасын киргизүүнү сунуштады.

Катышуучулар медиация боюнча маанилүү маалыматтарды алып, эң негизгиси медиация процедурасы аркылуу талаш-тартыштарды чечүүнүн алгоритмин билишкендигин белгилешти.