2023-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин имаратында судьялар үчүн «Медиациянын негиздери. Соттук териштирүүдө медиация (коммерциялык медиация) бир күндүк тренинг өтүп жатат.

Тренингдин максаты — судьяларды соттук талаш-тартыштардын медиацияга жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана тараптарды медиацияга жөнөтүү, ошондой эле жарандык сот өндүрүшүндө медиациянын натыйжаларын жол-жоболоштурууга үйрөтүү.

Медиациянын өнүгүшү судьялардын жүгүн азайтып, сот тутумунун иштөө сапатын жогорулатат. Медиация талаш-тартыштын тараптарына өз кызыкчылыктарын эске алуу менен талашты чечүүгө мүмкүндүк берет.

Семинар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Эл аралык Өнүктүрүү Укук Уюмунун (IDLO) колдоосу менен “Кыргыз Республикасындагы коммерциялык ортомчулук 2-фаза: COVID-19га жооп кайтаруу” долбоорунун алкагында жана USAID  “Укук Булагы” долбоору менен бирге өткөрүлүүдө.

IDLO филиалынын өлкө боюнча консультанты Дилбар Максимбекова билдиргендей, судьяларды окутуу Кыргыз Республикасында коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун II фазасынын маанилүү компоненти болуп саналат.

«Бизнес коомчулугунун медиацияга болгон талабы көбүнчө судьянын тараптарга талашты медиация жолу менен чечүү мүмкүндүгү жөнүндө канчалык так жана жеткиликтүү түшүндүрүп бергенине жараша болот», — деди Максимбекова.

Судьяларды окутуу үчүн тажрыйбалуу тренерлер чакырылган: Каримова Рахат Абдылдаевна, Бишкек шаардык сотунун судьясы, Шин Галина Алексеевна, Ош шаардык сотунун судьясы, ф.и.к.

Курстун катышуучулары соттук талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмасы катары медиация тууралуу толук маалымат алышты жана медиациянын процессуалдык аспектилерин үйрөнүштү. Практикалык окууда теориялык билимдер бекемделди.

Дилбар Максимбекова сотто Пилоттук медиация программасы тууралуу айтып берди, Долбоор менен кызматташкан жана коммерциялык медиация процедурасын жүргүзүүгө даяр медиаторлордун тизмесин берди. Ошол эле учурда долбоордун алкагында ишкерлер медиатордун кызматын бекер ала алышат, анткени бул категориядагы чыгашалар ЕРӨБ жана ИДЛОнун коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоору тарабынан жабылат.

 

Тренинг аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.