Кыргызстандык медиаторлорду “Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (II фаза: COVID-19га жооп берүү” долбооруна катышууга билдирмесин жиберүүгө чакырабыз. Бул долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (EBRD) тарабынан  каржыланып, Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюм (IDLO) тарабынан ишке ашырылат.

Бул долбоорго катышуу менен медиаторлор ишкерлерге коммерциялык талаш-тартыштарды чечүүгө жардам берип, коммерциялык медиатор катары профессионалдык деңгээлин жогорулатып, Кыргызстандагы эң талаптуу медиаторлордун бири болууга шарт түзүлөт.

Долбоор эки негизги компоненттен турат:

  1. Чакан жана орто бизнес үчүн коммерциялык медиация программасы.
  2. Соттордо пилоттук коммерциялык медиация.

Медиаторлор долбоордун бир же эки компонентине катыша алышат.

Долбоордун биринчи компонентинин алкагында төмөнкүдөй иш чара пландашылган:

  • Чакан жана орто бизнестеги ишкерлер менен маалыматтык жолугушууларды өткөрүү.
  • Акы төлөнүүчү коммерциялык медиация жол-жобосун жүргүзүү (медиаторлорго медиация жол-жобосун жүргүзгөндүгү үчүн сый акы төлөө долбоор тарабынан жүргүзүлөт).

Долбоордун экинчи компонентинин алкагында төмөнкүдөй иш чара пландашылган:

  • Пилоттук соттордо медиаторлор өздөрү тарабынан иштелип чыккан кезек боюнча нөөмөт жүргүзүү. Пилоттук соттор: Ленин шаардык соту, Ош шаардык соту жана Жалал-Абад шаардык соту.
  • Сот тарабынан жиберилген талаштын тараптары менен:
  1. Маалыматтык жолгуушуну өткөрүү
  2. Акы төлөнүүчү коммерциялык медиация жол-жобосун жүргүзүү (медиаторлорго медиация жол-жобосун жүргүзгөндүгү үчүн сый акы төлөө долбоор тарабынан жүргүзүлөт).

Долбоорго катышуу үчүн төмөнкү документтерди жиберүү керек:

  • Резюме,
  • Медиатордун күбөлүгү (көчүрмөсү),
  • Паспорт (көчүрмөсү).

Каттын темасына долбоордун кайсы компонентине катыша турганыңарды белгилеп коюну суранабыз.

Документтерди danakermir@gmail.com электрондук дарегине же IDLO консультанты Айбек Байтиковго WhatsApp номерине жөнөтүңүз: 0555 90 87 87.